2026-жылы 170 миңге жакын бала биринчи класска барат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүн, 27-мартта маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, акыркы көрсөткүч так каттоодон көз каранды болот. Ал жогору же бир аз төмөн болушу мүмкүн. Эң негизгиси, биринчи этапта кичи райондогу балдарды өз убагында каттоодон өткөрүү керек.
Министрдин орун басары өткөн жылдагыдай эле, биринчи жана экинчи класстарга балдарды массалык түрдө кабыл алуу болбой турганын баса белгиледи.
Ар бир жаралган суроолорго жараша жеке каралат. Балдардын билим деңгээлин аныктоо үчүн тестирлөөгө тыюу салынгандыктан, кызматкерлер ар бир баланын аяктаган окуу программасы жөнүндө маалымат суроо үчүн бала бакчалар менен иштешет.
Надира Жусупбекова окуучулардын орундарынын жетишсиздигин жоюу үчүн республика боюнча мектептер курулуп жатканын, анын ичинде Бишкекте 20 жана Ошто 15 мектеп курулуп жатканын кошумчалады.

