16:38
USD 87.45
EUR 101.46
RUB 1.08

Кыргызстандык мугалим «КМШнын мыкты мугалими» деп аталды

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Эшперов айылынын № 7 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Аида Жаңыбаева «КМШдагы мыкты педагог» эл аралык сынагында биринчи даражадагы дипломго ээ болду. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ага биринчи орундагы диплом ыйгарылган. Сынактын финалдык туру 24-мартта Астанада өттү.

Сынактын биринчи туру 7-февралда башталып, анда ал экинчи турга ийгиликтүү өткөн. Жыйынтыктоочу баскыч 24-мартта Астана шаарында өтүп, анын жыйынтыгында А. Жаңыбаева I даражадагы диплом, төш белги жана «КМШдагы мыкты педагог» статуэткасы менен сыйланды.

Эл аралык сынакка Борбор Азия өлкөлөрүнүн педагогдору катышты.

Министрлик Аида Сталбековнаны жетишкендиги менен куттуктап, андан аркы ийгиликтерди каалады.

Эң көп окулган жаңылыктар