Эртең, 25-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз жалпы өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22
Таласта түнкүсун 0...5, күндүз 15...20
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24
Ысык-Көлдө түнкүсүн −3...+2, күндүз 12...17
Нарында түнкүсүн −3...+2, күндүз 7...12
Бишкекте түнкүсүн 4...6°, күндүз 20...22° жылуу болот.

