24-марттан 31-мартка чейин Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын Улуттук курамалары окуу-машыгуу жыйынынын алкагында бир катар контролдук жолдоштук беттештерди өткөрүшөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Беттештерге төмөнкү курамалар катышат:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасы
- Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасы
- Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы
Окуу-машыгуу жыйындары жана жолдоштук оюндар командалардын, алдыдагы эл аралык мелдештерге жана расмий беттештерге даярдык көрүүдө маанилүү этап болуп саналат.

