Бишкек шаарында жылытуу мезгилинин аяктоо мөөнөтү аныкталды. Борбор калаанын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 25-мартта жылытуу сезону аяктап, 1-апрелден тарта ысык суу өчүрүлөт.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбековдун төрагалыгы алдында жылытуу мезгилин аяктоо боюнча штабдык жыйын өттү. Жыйындын жыйынтыгында борбор калаада жылытуу сезонун 2026-жылдын 25-мартында аяктоо чечими кабыл алынды.
Жылытуу сезону аяктагандан кийин муниципалдык кызматтар кийинки мезгилге даярдык көрүп, тиешелүү оңдоо иштерин жүргүзө баштайт.
Ошондой эле 1-апрелден 10-майга чейин шаарда ысык суу убактылуу өчүрүлөт. Бул аралыкта жылуулук тармактарында профилактикалык жана оңдоо иштери жүргүзүлөт.

