Эртең, 20-мартта Бишкек шаарында Орозо айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Орозо айт намазынын программасы:
- 07:00 — 07:30 — Куран окуу;
- 07:30 — 07:40 — модератор Шүкүр ажы Исмаилов;
- 07:40 — 08:10 — диний баяндар; Жолдошбек ажы Абдылдаев, Бакыт ажы Кайкиев;
- 08:10 — 08:30 — азирети муфтийдин сөзү: Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери
- 08:20 — 08:30 — Сапан-сап айтуу;
- 08:30 — 08:50 — айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.
Ал эми аймактарда орозо айт намазы мечиттерде окулат. Региондордогу жалпы айттык программа:
- 07:30 — 08:00 — Куран окуу;
- 08:00 — 08:25 — диний баяндар;
- 08:25 — 08:30 — айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
- 08:30 — айт намазын окуу.
Белгиленгендей, тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн убакыттардын бир аз айырмаланышына уруксат берилет.

