«Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул «Кылым долбоору» аталган 1 860 МВт кубаттуулугу менен өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана экономикалык туруктуулугун камсыз кылуучу Борбор Азиядагы эң ири объектке айланат.
Ошондой эле учурда курулуш аянтчасын электр энергиясы менен камсыздоого арналган 110 кВ электр берүү линиясын жана көмөк чордонду куруу иштери уланууда.
Мындан тышкары, куруучулар жана инженерлер үчүн 100 кишилик вахталык лагердин болжол менен 60 пайызы бүткөрүлдү.

