Жарыяланган бороон эскертүүсүнө жана республика боюнча болжолдонгон жагымсыз аба ырайына байланыштуу энергетиктер энергообъектилердин ишине көзөмөлдү күчөтүүдө. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» билдирди.
Штаттан тышкаркы кырдаалдар учурунда авариялык-оңдоо запасы даярдалып, ыкчам жоюу схемасы иштелип чыкты. Оңдоо бригадалары, транспорт жана атайын техника жогорку даярдыктагы абалга келтирилди. Ыкчам кырдаалга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүүдө. Тиешелүү кызматтардын күнү-түнү нөөмөттүк графиги бекитилди.
Ошондой эле электр энергия менен камсыздоо маселелери боюнча бирдиктүү энергетикалык маалыматтык сурап билүү үчүн колл — борбордун иши күчөтүлдү.
«Абанын төмөн температурасы электр энергияны керектөөнүн өсүшүнө алып келет, электр энергиясын керектөөнүн ашыкча өсүшү электр тармактар жабдууларына чоң жүктөмдөргө жана штаттык эмес кырдаалдарды болтурбоо үчүн, өзгөчө максималдуу жүктөмдөрдүн убагында жөнгө салуу иш-чараларын колдонууга алып келиши мүмкүн. Керектөөчүлөрдү энергияны үнөмдөөгө жана бир эле учурда бир нече электр энергияны көп талап кылуучу шаймандарды колдонбоого чакырабыз», — деп белгиледи мекеме.