21-январда Кыргызстандын Энергетика министрлиги гидроэлектростанциялардын(ГЭС) ишин көргүсү келгендер үчүн бекер экскурсия уюштурат.
Экскурсия катышуучулары төмөнкүлөр менен тааныша алышат:
ГЭСтердин иштөө процесси тууралуу маалымат аласыз;
жаңыланган гидроагрегаттарды көрөсүз;
электр энергиясынын өндүрүлүү жолдорун түшүнөсүз;
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жана анын энергетикадагы ролу тууралуу билесиз;
энергетика тармагында аткарылып жаткан иштерди жеринде көрүп, кызыктырган суроолоруңузга жооп аласыз.
Экскурсиянын максаты
Акыркы убакта коомчулукта «Тарифтер эмнеге көтөрүлүп жатат?», «ГЭСтер жаңыланып жатканы менен жарык эмнеге жетишсиз?» же «Суу каякка кетип жатат?» деген сыяктуу суроолор көбөйүүдө. Экскурсиянын негизги максаты — энергетика тармагындагы маселелерди жеринде фактылар менен түшүндүрүп берүү.
Чогула турган жай:
дарек: Энергетика министрлиги, Жибек-Жолу көчөсү, 326;
чогула турган убакыт: таңкы саат 06:00;
сапарга чыгуу: 21-январь, саат 07:00 (баргандар паспортун жанына алуулары зарыл.)
Экскурсияга бардык каалоочулар — активисттер, журналисттер, эксперттер жана жөнөкөй жарандар катыша алышат.
Каттоо үчүн байланыш: