09:32
USD 87.45
EUR 101.83
RUB 1.12

Кыргыз-Түрк Манас университетинде ачык асман алдындагы ооз ачуу саамалыгы өттү

Кыргыз-Түрк Манас университетинин кампусунда ачык асман алдында салттуу ооз ачуу өткөрүлдү. Университеттин маалыматы боюнча, бир дасторконго болжол менен сегиз миңге жакын адам чогулду.

Иш-чарага министр — элчилер баштаган мамлекеттик кызматкерлер, студенттер жана шаар тургундары катышты. Катышуучулар ыйык Рамазан айына мүнөздүү болгон өз ара колдоо жана биримдик рухун бөлүштү.

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясат таануу илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев ооз ачуу алдында конокторду тосуп, студенттер менен баарлашты.

Көчө боюна дасторкон жайылып, ошондой эле ректордун алдындагы аянтча жана анын айланасындагы бак-дарактар ​​салттуу Рамазан чырактары менен кооздолуп, баардыгына майрамдык маанай тартуулады.

Кампустун аймагында уюштурулган 12 өзүнчө тамак таратуу пунктунда өткөрүлгөн ооз ачар иш-чарасынын алкагында 8 миң адамга ооз ачар тамагы берилди

Эң көп окулган жаңылыктар