11:34
USD 87.45
EUR 100.88
RUB 1.11

Көк-Жар айылында 750 окуучуга ылайыкташтырылган жаңы мектеп курулат

Көк-Жар айылында 750 окуучуга ылайыкташтырылган, үч блоктон турган жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык кызмат министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү пландалууда.

Жаңы мектепте компьютердик класс, лабораториялар, китепкана, ашкана, устаканалар, акт залы жана спорт зал сыяктуу класстык бөлмөлөр болот.

Эң көп окулган жаңылыктар