16:56
USD 87.45
EUR 101.65
RUB 1.13

Кыргызстанда курулуш тармагындагы ИДП 438,5 миллиард сомду түздү

Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Адылбек Касымалиев жана Нурдан Орунтаев

Кыргызстанда курулуш тармагындагы ИДП 438,5 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин коллегиясында билдирди.

Минкаб төрагасы 2025-жылы курулуш тармагындагы ички дүң продукциянын көлөмү 2019-жылдагы 58,5 миллиард сомго салыштырмалуу 438,5 миллиард сомду түзүп, тармак алты жылда сегиз эсеге өскөндүгун белгиледи.

Тармактын негизги жетишкендиктери:

  • Курулуш тармагына 170 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылган;
  • Бул каражатка 936 социалдык объектинин курулушу бүткөрүлгөн;
  • Социалдык инфраструктурага капиталдык салымдар 13,2 миллиард сомго жеткен;

Коллегиялык жыйындын алдында минкаб төрагасы борбор калаада жайгашкан Курулуш министрлигине караштуу Республикалык курулушту сертификациялоо борборунун жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Бул ийгиликтерге карабастан, премьер-министр бир катар системалуу көйгөйлөрдү аныктады. Ал министрликке төмөнкү милдеттерге көңүл бурууну тапшырды:

  • Архитектура жана курулуш тармагындагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү,
  • Шаар куруу кодексинин долбоорун иштеп чыгууну тездетүү
  • мыйзамдарды өркүндөтүү,
  • курулуш тармагындагы ачыктыкты жогорулатуу,
  • мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүнүн механизмдерин күчөтүү

Соңунда минкаб төрагасы жарандар жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бюрократиялык процедураларды кыскартуу, министрликтин ишинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Ал ошондой эле жетишилген натыйжаларды эске алуу менен Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин ишине «жакшы» деген баа берилгенин айтып, ошону менен бирге тармакты мындан ары өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар