12:46
USD 87.45
EUR 101.65
RUB 1.13

Кыргызстандык 180 жүргүнчүсү Омандан 5-мартта келет

Жакынкы Чыгыштагы каттамдар жокко чыгарылгандан берки Омандан биринчи учак 5-марттын эртең менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу «Кыргыстан аэропорттору» ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учак эртең мененки саат 8:00дө конушу керек. Бортто 180 жүргүнчү болушу күтүлүүдө. Каттамды «AeroNomad» аба майданы аткарат.

Мекеме Жакынкы Чыгыштагы учурдагы кырдаалга байланыштуу күн бою каттамдардын графигин өзгөртүүгө болорун белгиледи. Жүргүнчүлөргө келүү убактысын алдын ала текшерип алуу сунушталат.

Эске сала кетсек, 2-мартка карата Жакынкы Чыгышта, негизинен Сауд Арабиясында жана Бириккен Араб Эмираттарында 22 миңге жакын кыргызстандык бар болчу. Учурда алардын арасында жабырлануучулар же үй-жайсыз адамдар жок.

Эң көп окулган жаңылыктар