16:45
USD 87.45
EUR 102.50
RUB 1.13

Өспүрүмдөр баңгизат колдонушат. Депутат «Антикино» мекемелерин жабууга чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Эгембердиева «Антикино» мекемелерин жабууга чакырды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Айрым мыйзам актыларына (Жарандык процесстик кодекске, Балдар кодексине жана Жарнама жөнүндө мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

Парламентарийдин айтымында, көптөгөн жаштар бул мекемелерде кино көрүү шылтоосу менен кылмыштарды, анын ичинде баңгизат колдонууну жасашат.

Ал Ички иштер министрлигин «Антикино» мекемелерине каршы чара көрүп, аларды жабууга чакырды.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев «Антикино» мекемелеринде мурда кылмыштар катталганын белгиледи. «Биз ээлерин жоопкерчиликке тарттык. Ал эми баңгизат колдонуу учурлары болгон», — деп кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар