Бүгүн, 3-мартта Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарала өткөрүлүп, туу көтөрүү аземи болуп өттү.
Калаа башчысы желбиреген кызыл туубуз —эркиндиктин символу, ата-бабаларыбыздын аманаты экендигин белгилеп, анын бийик желбиреп туруусу үчүн экономикабыз кубаттуу, мамлекетибиз күчтүү болушу керектигин айтып, жалпы журтту биримдикке, ынтымакка жана мекенчилдикке үндөдү.

