Сокулук районунда жашы жете элек кызга карата оор кылмыш жасаган деп шектелген кишиге милиция издөө жарыялады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондогу социалдык кызматкер 2026-жылдын башынан бери кызга карата зомбулук көрсөтүү менен жасалганын билдирип, милицияга кайрылган.
Бул факт боюнча «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Учурда анын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
ИИМ изделип жаткан адам тууралуу маалыматы бар жарандардан 102 кыска номерине же төмөнкү телефондорго кабарлоону суранат:
0501 93 55 34
0313 26 62 61
Анонимдүүлүк жана сыйлык акы кепилденет.

