Албаниянын Тирана шаарында өткөн MUHAMET MALO 2026 рейтингдик мелдешинде кыргызстандык балбандар Раззак Бейшекеев жана Үзүр Жусупбеков коло медаль утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бейшекеев жарым финалга чейин ийгиликтүү чыгып, үчүнчү орун үчүн беттеште казакстандык Алматбек Аманбекти тушеге салып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Ал эми Үзүр Жусупбеков алгачкы кармашта түркмөнстандык Аманберды Агамаммедовду 9:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда орусиялык Артур Саргсянга утулганы менен, көңүл жубатуучу беттештерде ийгилик жаратып, азербайжандык Махаммад Ахмадиевди 8:2, ал эми коло үчүн ирандык Амирреза Морадиянды 4:2 эсебинде утуп, байгелүү орунду камсыздады.

