16:19
USD 87.45
EUR 103.28
RUB 1.14

Бишкекте батирлерге бир катар уурулуктарга шектүүлөр кармалды

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери борбор калаада батирлерге бир катар уурулуктарга катышы бар деп шектелген эки шектүүнү кармашты.

Бишкек шаарынын тургуну К.Т. милицияга кайрылып, 19-февралда белгисиз адамдар анын ишенимине кирип, 6-кичи райондогу батирине кирип, алар 120 миң сом, 150 евро жана алтын зер буюмдарын(шакек, нике шакегин, сөйкө жана чынжырды) уурдап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «Уурдоо» боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө учурунда жергиликтүү эки тургун аныкталып, кармалды. Алар 1985-жылы туулган А.Г. жана 1993-жылы туулган И.Т. Шектүүлөр тергөө органдарына алып келинип, убактылуу кармоочу жайга камалган.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга да тиешеси бар экендиги аныкталууда.

Милиция шектүүлөрдүн аракетинен жабыркаган же маанилүү маалыматы бар жарандарды 0706939696, 0995950940 же 102 номерлерине чалууга чакырууда.

Эң көп окулган жаңылыктар