Ленин райондук ички иштер бөлүмү борбор калаадагы кампалардын биринен уурулук фактысына шектелген төрт кишини кармаганын башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
16-январь күнү белгисиз адамдар Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан кампага кирип, жалпы баасы 1 миллион 443 миң 700 сомдук кафелдерди уурдап кетишкен.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Уурдоо» беренеси боюнча иш козголду.
Ыкчам кызматкерлер кылмышка шектүүлөрдү аныктап, кармашкан. Алар 39 жаштагы А.Н., 25 жаштагы А.Ж., 24 жаштагы А.С. жана 19 жаштагы С.А., убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштери уланууда.