1-мартта мурда алып келинген же өндүрүлгөн алгачкы документтери жок баалуу металлдардан жасалган зер буюмдардын калдыктарын легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүнүн мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул чара зер буюмдарынын ээлерине жоопкерчиликтен жана салык агентинин милдеттеринен бошотууга мүмкүндүк берет. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн болгону 16 күн калды.
Легалдаштырылган зер буюмдар үчүн баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды сыноого жана эн тамгалоого пробирдик жыйымдын төмөндөтүлгөн ставкалары колдонулат:
- ата мекендик өндүрүштөгү алтын, платина жана палладийден жасалган зер жана башка буюмдар, ошондой эле чет өлкөдөн сатып алынган жана өндүрүлгөн, анын ичинде мурда колдонулган жана жеке же юридикалык жактардан алынган зер буюмдар — 1 зер буюм үчүн 10 сом;
- ата мекендик өндүрүштөгү күмүштөн жасалган зер жана башка буюмдар, ошондой эле чет өлкөдөн сатып алынган чет өлкөлүк өндүрүштөн жасалган, анын ичинде мурда колдонулган жана жеке же юридикалык жактардан алынган буюмдар — 1 зер буюм үчүн 8 сом.
Зер буюмдарын легалдаштыруудан өтүү үчүн салык төлөөчү белгиленген мөөнөткө чейин ЭЭФ маалыматтык системасы аркылуу тиешелүү документти тапшырышы керек.

