16:38
USD 87.45
EUR 104.23
RUB 1.13

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Орозбеков Адилет Орозбекович Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетин «Дипломатия жана эл аралык укук» адистиги боюнча аяктаган, кийинчерээк Россия Федерациясынын ФКК Академиясында окуган.

Кыргыз, орус жана англис тилдерин билет.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык ченине, полковник аскердик наамына ээ.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы
Эмгек жолун 2001-жылы улуттук коопсуздук органдарында ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер болуп баштаган жана 2017-жылга чейин ар кандай, анын ичинде жетекчилик кызматтарда иштеген.

2007-2009-жж. — КР УКК конституциялык түзүлүштү коргоо башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2009-2010-жж. — УКМКнын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары — УКМКнын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

2012-2017-жж. — УКМКнын антитеррордук борборунун башкы эксперти;

2017-жылдан баштап тышкы иштер министрлигинде, Шанхай кызматташтык уюмунун иштери боюнча улуттук координатордун аппаратында иштеген;

2017-2019-жж. — Пекиндеги Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын референти;

2023-2024-жж. — президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти;

2025-жылдын декабрынан азыркы убакытка чейин — президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар