Өзгөн районундагы ири масштабдуу Аламан улактан кийин аймакта таштандылардын чар жайыт ташталгандыгы боюнча фактылар катталган. Коомдук иш-чара өткөн аймак таштандылар менен олуттуу булганган, бул көзөмөлдөөчү органдардын реакциясын жаратты.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигиненен билдиришкендей, Экотехкөзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Өзгөн районунун Баш-Дөбө жана Төрт-Көл айыл өкмөттөрүнө калдыктарды тазалоо иш-чараларын уюштуруу боюнча расмий каттар жолдонду.
Мындан тышкары, аламан улакты уюштуруучулардын бири Жаныш Ниязовго Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115/1-беренесинин негизинде 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Учурда уюштуруучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар тарабынан аймакты таштандылардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик массалык иш-чараларды өткөрүүдө айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын так сактоого чакырат.

