«Бурана мунарасы» археологиялык-архитектуралык музей комплексинин айланасын көрктөндүрүүгө багытталган долбоор даярдалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты.
Анын алкагында аймакты жашылдандыруу, майда архитектуралык формаларды орнотуу, автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана туристтер үчүн ыңгайлаштырылган коомдук мейкиндик түзүү каралган.

