14:31
USD 87.45
EUR 103.64
RUB 1.14

Президент «Унаа» мамлекеттик мекемесине барып, реформалар башталганын айтты

Президент Садыр Жапаров Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго («Унаа») күтүүсүз барып, жарандар менен жолугушуп, агенттиктин ишин катуу сынга алып, тез арада реформа жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Мамлекет башчысынын айтымында, акыркы жылдары «Унаа» мекемесиндн бир нече жолу жетекчилик алмашып, алардын айрымдары коррупция үчүн камакка алынган. Ал ошондой эле бул мекеме көп жылдар бою айдоочулук күбөлүктөрдү сатууга байланыштуу көмүскө схемалардын орду болуп келгенин белгиледи.

Мамлекет башчысы даяр айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн миң долларга чейин алган автомектептер болгон. Экзаменден өткөндөрдүн саны мурда 95 пайызга чейин жеткен.

Президент коррупцияга каршы иштер башталгандан тарта экзаменден өтпөй калгандардын көрсөткүчү кыйла азайганын айтты.

" 275 автомектептин арасында бардык этаптарды бүтүрүп, колуна айдоочулук күбөлүктү берип эле 60-70 миң сомдон 1 миң долларга чейин алып, анан күбөлүк берген мектептер бар. Ушуга чейин күбөлүк сатылып келген фактыларды мисал келтирип айта кетейин, 2015-жылдан 2019-жылга чейин алсак, жеке мектептерден окугандардын 90-95 пайызы экзаменден өтүп кетишкен. 5-10 пайызы эле өтпөй калган. Анткени алар акча бере алчу эмес же бергиси келчү эмес дегендей. Ал эми 2021-жылы болсо биз системаны колго алып, 5-6 жетекчини алмаштырып, коррупция менен күрөшүп баштагандан бери бул көрсөткүч дароо түшкөн. Мисалы, экзаменден өткөндөрдүн саны 28 эле пайызга жетип калган. Ал эми 72%ы өткөн эмес«, — деп айтты Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы жарлык менен «Унаа» мекемесин Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилгенин баса белгиледи. Ал мекемеде толугу менен ачык-айкын, санариптик жана коррупциясыз иштөө системасын түзүүгө багытталган чыныгы реформа башталганын билдирди.

«Биз азыр тартипти калыбына келтирүү үчүн келдик. Башкармалык өз ишин баштады», — деди Садыр Жапаров.

Иш-чара коомдук жыйын жана документтерди берүү системасына андан ары өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоо менен уланды.

Эң көп окулган жаңылыктар