15:13
USD 87.45
EUR 104.66
RUB 1.14

Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология кызматынын билдирүүсүнө ылайык, кар көчкү түшүүсү мүмкүн жана кар күрткүсү пайда болот. Эртең 31-январдан 2-февралга чейин түзүлгөн кар көчкү кырдаалы Кыргызстандын тоолуу райондорунда:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
  • Каракол — Эңилчек жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн.

«Кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан, унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралыкты сактоону унутпаңыздар», — деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.

Эң көп окулган жаңылыктар