15:44
USD 87.45
EUR 104.78
RUB 1.15

12 жылдык окууга өтүү. 2026-жылы бир миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт

2025-жылы 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында республикалык бюджеттен бир миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, төмөнкү каражаттар бөлүндү:

  • эмеректерге — 48 миллион сом;
  • компьютерлерге — 47 миллиондон ашык;
  • ишкердик максаттарга — 175 миллион;
  • жаңы окуу китептерине — 815 миллион.

Министрдин орун басары 2026-жылга карата республикалык бюджетте 1 миллиард 66 миллион сом каралганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2025/26-окуу жылында Кыргызстандагы 1, 2, 5 жана 7-класстардын окуучулары 12 жылдык окуу планына өтүштү.

Эң көп окулган жаңылыктар