«АгроДиалог—2026» агроөнөр жай форуму 18-февралдан 21-февралга чейин Бишкектеги Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, форумдун алкагында республика боюнча айыл чарба тармагындагы мыктылардын мыктысы — 20 өсүмдүк өстүрүү, 20 мал чарбачылыгы боюнча чемпиондор аныкталат.
Иш-чарага жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн эксперттер жана дыйкан-фермерлердин катышуусу күтүлүүдө. Форумдун жүрүшүндө өлкөнүн айыл чарба чемпиондору бардык кызыкдар тараптар менен ийгиликке жетүү сырларын бөлүшүп, өз тажрыйбаларын ортого салат.
Форумдун жыйынтыктоочу бөлүгү 21-февраль күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында уюштурулат.
Форумдун алкагында айыл чарбасынын ар бир багыты боюнча чемпион аталган мыкты дыйкан-фермерлер кызыл килемден өтүп, салтанаттуу иш-чара менен коштолот.
Ошондой эле агроөнөр жай тармагында өнөктөштөрдү табууга шарт түзүлүп, ишкерлер үчүн бизнесин өнүктүрүүгө жана өз продукциясын чет өлкөлөргө экспорттоого кеңири мүмкүнчүлүктөр жаралат.
«АгроДиалог—2026» агроөнөр жай форумунун күн тартиби:
- 18-февраль — өсүмдүк өстүрүү багыты боюнча баарлашуу;
- 19-февраль — мал чарбасы боюнча талкуу;
- 20-февраль — кайра иштетүү жана экспорт маселелери боюнча талкуу;
- 21-февраль — жыйынтыктоочу бөлүк.

