Эртең, 14-январда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн −3...+2, күндүз 9...14;
Таласта түнкүсүн −3...+2, күндүз 8...13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −4...+1, күндүз 9...14;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −1...-6, күндүз 1...6;
Нарында түнкүсүн −20...-25, күндүз −10...-15.
Бишкек шаарында түнкүсүн 0...2°, күндүз 12...14° жылуу болот.

