11:41
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Азия Кубогу U-23: Кыргызстан курама командасы Сауд Арабиясынан утулуп калды

Кыргызстандын 23 жашка чейинки курама командасы Азия Кубогунда Сауд Арабиясынан утулуп калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Оюн 1:0 эсебинде аяктады. Гол 88-мүнөттө киргизилди.

Белгилей кетсек, 34-мүнөттө VARды карап чыккандан кийин, калыс Фу Мин биздин команданын оюнчусу Арсен Шаршенбековго кызыл карточка көрсөттү.

Кыргыз футбол биримдиги
Фото Кыргыз футбол биримдиги. Азия Кубогу U-23: Кыргызстан курама командасы Сауд Арабиясынан утулуп калды

Эске салсак, Кыргызстан 9-январда Вьетнам менен беттешет.

Турнир Сауд Арабиясында өтүп, төрт топко бөлүнгөн 16 команда катышып жатат. Топтук этаптан алдыңкы эки команда плей-оффко чыгат.

Турнирдин түз алып берүүсү УТРК Спорт каналында жеткиликтүү болот. Белгилесек, курама команданын ар бир беттешине күбө болуу үчүн күйөрмандарга арналган фан-зона уюштурулат. Фан-зоналар жана беттештердин түз көрсөтүүлөрү тууралуу кошумча маалымат кошумча берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар