Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 24-декабрдагы жыйында «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлорун карашууда. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету да угулду.
Жыйынга Министрлер кабинетинин өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп берип, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бюджеттик көрсөткүчтөр боюнча кеңири баяндама жасады.
Алсак, «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорунун максаты республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө учурдагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен республиканын 2025-жылга республикалык бюджетин тактоо болуп саналат. Мыйзам долбоорунда 2025-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын жана финансылык эмес активдер менен операциялардан түшүүлөрдү эсепке алуу менен республикалык бюджеттин жыйынды кирешелерин 605 млрд 507 млн сом суммасында же ИДПнын 34% тактоо каралууда. Ал эми чыгашалардын көлөмү (финансылык активдерди эсепке албаганда) 590 млрд 100 млн сом же ИДПнын 33,2% деңгээлинде белгиленет. Бюджеттин профицити 15 млрд 406 млн сомду же ИДПнын 0,9% түзөт.
«Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджетин бекитүү максатында иштелип чыккан.
2026-2028-жылдарга республикалык бюджеттин негизги параметрлери:
- 2026-жылга жыйынды кирешелери — 551 млрд 207 млрд сом, жыйынды чыгашалары — 550 млрд 770 млн сом, профицити — 436 млн сом;
- 2027-жылга жыйынды кирешелери — 593 млрд 80 млн сом, жыйынды чыгашалары — 552 млрд 416 млн сом, профицити — 40 млрд 663 млн сом;
- 2028-жылга жыйынды кирешелери — 641 млрд 61 млн сом, жыйынды чыгашалары — 589 млрд 343 млн сом, профицити — 51 млрд 717 млн сом.
Министрлер кабинетинин төрагасы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги параметрлери тууралуу айтып, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана спорттук объектилерди куруу жана модернизациялоону камтыган инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөлөрүндөгү маселелерге токтолду.
Жыйында депутаттар өкмөт мүчөлөрүнө ар кыл тармактардагы көйгөйлүү маселелерди, сунуштарды айтып, суроолоруна жооп алышты.
Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору үч окууда кабыл алынды.

