10:26
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Бишкектин башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуулар өтөт

2050-жылга чейинки Бишкек шаарынын башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуулар өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, иш-чаралар 24-25-декабрда райондордо уюштурулат.

24-декабрь:

* Ленин району — Чүй проспектиси, 168а, саат 10:00,

* Биринчи май району — Чүй проспектиси, 168а, саат 14:00.

25-декабрь:

Октябрь району — акимчиликтин жыйындар залы, саат 10:00,

Свердлов району — Үсөнбаев көчөсү, 200/1, саат 14:00.

Катышуу үчүн шаар тургундары 23-декабрда саат 18:00гө чейин төмөнкү номерлерге алдын ала катталуу керек:

* Ленин району: 0503 10 22 06, 0312 65 69 03

* Биринчи май району: 0559 71 99 99

* Октябрь району: 0999 66 68 45, 0509 68 88 70, 0312 57 61 57

* Свердлов району: 0550 15 06 61, 0312 36 03 10.

Эң көп окулган жаңылыктар