19:18
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

Кыргызстандын Акыйкатчы институтуна жаңы Chevrolet Cobalt унаалары тапшырылды

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы
Фото Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы . Акыйкатчы институтуна жаңы унаалары тапшырылды.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Акыйкатчы институтуна жаңы кызматтык унааларды тапшырды. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9 миллион сом Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү унаа сатып алууга бөлүнгөн. Аталган автоунаалар өлкөнүн 6 облусундагы Акыйкатчынын өкүлчүлүктөрүнө бөлүштүрүлөт.

«Бүгүн кызматтык автоунааларды алуу — бул борбордук аппаратта да, аймактарда да ишибизди күчөтүү үчүн маанилүү кадам. Бүгүн тапшырылып жаткан автотранспорт жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, көчмө иш-чараларды кеңейтүүгө жана өлкөнүн бардык аймагында адамдын укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет», — деди Акыйкатчы.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы
Фото Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы . Акыйкатчы институтуна жаңы унаалары тапшырылды.

Белгилей кетсек, Акыйкатчы Институту аймактарда адам укуктарын натыйжалуу коргоону камсыз кылуу максатында өз өкүлчүлүктөрүнүн иштөө шарттарын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууда.

Бул багытта материалдык-техникалык база бекемделип, кеңселери оңдолуп, аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин квалификациясы жогорулатылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар