2025-жылдын 18-декабрында генерал-майор Жоомарт Бошкоев көз жумду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.
Жоомарт Бошкоев 1949-жылы Талас шаарында туулган. 1970-жылы Ленин атындагы жогорку аскердик командалык окуу жайын аяктаган.
1981-1998-жылдары Улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп, ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган. Анын кесиптик ишмердүүлүгүнүн басымдуу бөлүгү Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчилиги менен байланышкан.
Мамлекеттик күзөт башкармалыгынын (кийин УКМК/ МКК) жетекчиси кызматында Жоомарт Бошкоев мамлекеттин биринчи адамдарынын жана өлкөнүн стратегиялык маанилүү объектилеринин коопсуздугун камсыз кылуунун заманбап системасынын негиздерин түптөгөн.
Ардактуу отставкага чыккандан кийин «Мамлекеттик күзөт ардагерлеринин Кеңеши» коомдук бирикмесин жетектеп, активдүү коомдук ишмердүүлүгүн уланткан.
Жоомарт Бошкоев күч түзүмдөрүнүн ардагерлерин колдоого, ошондой эле кызматкерлердин жаш муундарын офицердик ар-намыс, кесипкөйлүк жана ант берүүгө берилгендик рухунда тарбиялоого өзгөчө көңүл бурган.
Генерал-майор Жоомарт Бошкоев мамлекеттик жана ведомстволук бир катар медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланган.
УКМК жетекчилиги жана кызматкерлери маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жоомарт Бошкоевдин элеси кесиптештеринин, досторунун жана окуучуларынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

