Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын шайланып келген депутаттарынын ант берүү аземинде сөз сүйлөп, министрлерди «өз адамдарын» дайындоого кысым көрсөтүүнү токтотууга чакырды.
Мамлекет башчысы коррупция, шайлоо системасы, саясий маданият тууралуу учкай кеп кылып, министрлерге кайрылып, парламент менен тыгыз иштешүүгө чакырды.
Мындан тышкары министрлерди «өз адамдарын» дайындоого кысым көрсөтүүнү токтотууну айтып, депутаттарды элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө үндөдү.
«Мурдагы парламенттер учурунда, бир терс адат бар эле. Ал убакта парламенттик система болчу.
Баары фракцияларга баш ийишчү. Депутаттар дагы Министрлерге же жергиликтүү жетекчилерге кайрылып, «баланчаны түкүнчө кызматка коюп бер, мага чуркады эле» же «жакыным эле» деп
буйрук берүүлөр кадимки эле көрүнүшкө айланып калды. Аткарбай койгон мамлекеттик кызматкерлердин кичинекей бир кемчилигин таап алып, аны трибунадан тоодой кылып көтөрүп чыгып, сындап киришет эле. Мына ушундай туура эмес жолго сиздер түшпөсөңүздөр.
Туура, идеалдуу жетекчилер жок, баарыбыз жаңылышабыз.
«Иштебеген киши жаңылышпайт» деген сөз бар элибизде.
Олуттуу кемчиликтери болсо сындагыла, сындан адам оңолот», — деди президент

