13:54
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.10

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын ант берүү аземи башталды

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланган VIII чакырылышынын депутаттарынын ант берүү аземи өтүп жатат.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын биринчи сессиясын жаңы шайланган эл өкүлдөрүнүн ичинен эң улуусу катары 69 жаштагы Машарипова Гүлай ачты. Ант берүү аземине президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү катышып жатат.

Учурда Жогорку Кеңештин жыйындар залында 87 депутат ант берип жатышат.

Белгилей кетсек, Боршайком 12-декабрда 29 көп мандаттуу округдан 87 шайланган депутаттарды каттоо жөнүндө токтом кабыл алган. Анын 58и эркек, 29у аял.

№ 13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарылган болчу. Жалпысынан парламент 90 депутаттан турат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 589 жаран талапкер болуп көрсөтүлүп, 63 жаран арызын кайтарып алса, 56 жаранга каттоодон өтүүгө баш тартуу чечими кабыл алынып, 10 талапкердин каттоосу жокко чыгарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар