19:10
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.10

Кабмин мамлекеттик жетекчилерди кызматкерлеринен белек алуусуна чектөө киргизди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматтагы жетекчилерге кызматкерлеринен белек алууга жана жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилгенин билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын мамлекеттик органдар менен министрликтерде жаңы жылдык корпоративдик иш-чаралар өткөрүлүп келчү. Айрым учурларда бул иш-чаралар ашыкча чыгымдар менен коштолгонун да байкаганбыз. Мындан тышкары, кызматкерлер жетекчилерине белек берип, корзина ташып убара болушчу.

«Ушул көрүнүштөрдү эске алып, быйыл жаңы жылдык корпоративдерге жана мамлекеттик кызмат жетекчилерин өзүнүн кызматкерлеринен, кол алдындагыларынан баалуу белектерди алуусуна чектөө киргиздик», -деди Касымалиев.

Ошол эле учурда ал бул чечим туура эмес түшүндүрүлүп жатканын белгиледи. Айрым жетекчилер балдарга арналган жаңы жылдык иш-чараларды да өткөрбөөгө аракет кылып жатышканын айтты.

«Чектөө мамлекеттик органдардагы корпоративдерге гана тиешелүү. Ал эми балдардын жаңы жылдык майрамдарын өткөрүүгө эч кандай тыюу жок. Жаңы жыл — балдар үчүн эң күтүлгөн майрам. Аларды бул кубанычтан ажыратпагыла», — деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин төрагасы.

Эң көп окулган жаңылыктар