10:47
USD 87.45
EUR 102.59
RUB 1.10

Бишкекте жаңы жылдык башкы балаты жанды

Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн жаңы жылдык башкы балатысын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов салтанаттуу түрдө жандырды.

Салтанатта жаңы жылга расмий старт берилип, борбор калаанын тургундарына жана меймандарга жомоктогудай жаңы жылдык маанай тартууланды. Аба ырайынын сууктугуна карабастан, Бишкектин борбордук аянты элге жык толгон.

Ачылыш аземинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев куттуктоо сөзүндө муниципалитеттин жетишкендиктери жана шаардын өнүгүшү, өзгөрүшү жөнүндө айтып берди.

«Балатынын символикалык түрдө күйгүзүлүшү бизге өлкөнүн борборунда жаркыраган жана жагымдуу мейкиндикти түзүүнүн маанилүүлүгүн эскертет. Бул майрам ар кандай курактагы тургундарды бириктирип, кичи мекенибизге болгон камкордукту жана сүйүүнү шыктандырат», — деп баса белгиледи мэр.

Ал муниципалитет шаардык долбоорлорду ишке ашырууну улантып, ыңгайлуулукка, коопсуздукка жана ресурстарды этияттык менен пайдаланууга басым жасап жатканын кошумчалады. Келе жаткан 2026-жыл — От жылкысы, эркиндикти, күчтү, активдүүлүктү жана жандуу өзгөрүүлөрдү билдирет. Ал келе жаткан жылы борбор калаа жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, динамикалуу өнүгүүнүн жана тайманбас чечимдердин мекенине айланат деп ишенерин билдирди.

Эсептөө салтанаттуу уланып, расмий өкүлдөр баштоо баскычын басып, 35 метрлик Жаңы жылдык балатыны кол чабуулар менен жандырышты.

Концерттик программа борбор калаанын гимнине айланган «Бишкегим» ыры менен башталды. Аны «Семетей» фольклордук ансамбли аткарды. Кеченин эң жаркын жылдызы азиз жана начар көргөн балдар үчүн жатак мектептин окуучусу Насыйкат Баймырзаева болду. Ал экинчи татаал көз операциясына даярданып жатат, бирок ошого карабастан, жаш ырчы бишкектиктерди Жаңы жыл менен куттуктаганы келди.

Балатынын бийиктиги 32 метр, чокусундагы жылдызы менен 35 метрге жетет. Аны 7 миңдей көк жана күмүш түстүү оюнчуктар менен кооздолгон. Шаар тургундары жана анын коноктору үчүн аянты 1 500 чарчы метрлик муз аянтча, соода күркөлөрү жана фуд-корт, этно-аймак, мастер-класстар зонасы, Аяз Атанын үйү, фотозоналар жана балдар үчүн оюн аянтчасы ишке кирди.

Ачылыш аземинде жарандар келе жаткан жаңы жылдын атмосферасын сезип, үй-бүлөсү жана достору менен убакыт өткөрүп, майрамдык сүрөттөргө түшүп, ачык асман алдындагы концертти көрүштү.

Эң көп окулган жаңылыктар