11:59
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.11

ЕАЭБ ичиндеги эсептешүүлөрдө улуттук валюталардын үлүшү 93 пайызга чейин өстү.

ЕАЭБ ичиндеги эсептешүүлөрдө улуттук валюталардын үлүшү 93 пайызга чейин өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген жыйынында Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин билдирди.

«Биримдик ичиндеги эсептешүүлөрдө улуттук валюталардын үлүшү 93 пайызга жетти. Ал эми россиялык ишканалар менен ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн ишкерлеринин ортосундагы тышкы соода келишимдеринде ал 98 пайыздан ашты», — деп белгиледи ал.

Орус өкмөт башчысынын айтымында, ЕАЭБдин 2025-жылга карата негизги көрсөткүчтөр боюнча алдын ала көрсөткүчтөрү мактоого арзырлык. Ага мүчө эмес мамлекеттер менен сооданы кеңейтүүгө кызыгуу да өсүүдө.

«Биз Евразия аймагындагы транспорттук байланышты бекемдөөнү улантып жатабыз. Заманбап чечимдерди ишке ашырууну тездетүү, биринчи кезекте логистикалык инфраструктураны модернизациялоо жана транспорттук коридорлорду санариптештирүү өтө маанилүү. «Учурдагы каттамдардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, албетте, акыр аягында жүк ташуу көлөмүн көбөйтүүнү билдирет», — деп кошумчалады Михаил Мишюстин.

Эң көп окулган жаңылыктар