14:52
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Кыргызстанда чет элдик чалгындоо кызматынын агенти тыңчылык үчүн соттолду

Кыргызстанда чет элдик жаран тыңчылык үчүн күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, чет элдик жаран Кылмыш-жаза кодексинин 324-беренеси «Тыңчылык» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында кармалган. Тергөө учурунда ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Кыргызстанда чет элдик чалгындоо кызматынын агенти тыңчылык үчүн соттолду

Төгүндөлгүс далилдердин негизинде аталган жаран соттун чечими менен айыпталган аракеттерди жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, эркинен ажыратылды.

Улуттук коопсуздук органдары чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүсүнүн алдын алуу үчүн туруктуу негизде контрчалгындоо иштерин жүргүзүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар