2025-жылдын январь айынан сентябрга чейин Кыргызстанга АКШдан 13,8 миллион доллардан ашык акча которулган. Бул маалымат Улуттук банктын маалыматында камтылган.
2024-жылы АКШдагы жеке адамдардан Кыргыз Республикасына трансчек аралык акча которуулардын көлөмү 54,9 миллион долларды түздү.
Эң жогорку көрсөткүчтөр 2008-2011-жылдар аралыгында катталып, АКШдан жылдык акча которуулар 60 миллион доллардан ашкан.
2022-жылдан тарта Улуттук банктын статистикасына мобилдик банкинг колдонмолору жана электрондук капчыктар аркылуу которуулар киргизилет.

