Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө орду бар, элдин биримдиги менен азаттыгы үчүн эмгектенген мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Иш-чаранын максаты — улут азаттыгы үчүн кызмат өтөгөн улуу инсандын өмүр жолун жана өрнөктүү иштерин даңазалоо, коомго үлгү тутуу менен бирге кыргыз элинин байыркы төкмөлүк өнөрүн жайылтуу жана өнүктүрүү, коомчулукту ыйман-ызаатка, нарк-насилге үндөө болуп саналат.
ТАНДОО ТУРУ
• Качан: 2025-жылдын 11-сентябрында, саат 09:00
• Кайда: Алай райондук маданият үйү (Гүлчө айылы)
• Каттоо: саат 09:00–10:00 аралыгында
ФИНАЛДЫК АЙТЫШ
• Качан: 2025-жылдын 12-сентябрында
• Кайда: Алай районундагы Алымбек датканын жайлоосунда, мааракеге келген калың элдин алдында
БАЙГЕ ФОНДУ
6 000 000 сом

