USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Мамлекеттик банктын Beeline брендин сатып алуусу тарыхый кадам катары бааланды

16:07, 13 августа 2025, Бишкек - 24.kg

«Бүгүн өлкөнүн санариптик трансформациясында тарыхый кадам болду, мамлекеттик банк эл аралык процедураларды сактоо менен Beeline компаниясын сатып алды», — деп билдирди Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев Facebook баракчасында.

Анын пикиринде, мурунку бийликтердин тушунда стратегиялык телеком-активдер үй-бүлөлүк кызыкчылыктарга кызмат кылса, эми мамлекеттин колунда, элдин кызыкчылыгына иштейт.

Президент Садыр Жапаров санариптешүү менен модернизацияны куру ураан эмес, Кыргызстан келечеги үчүн аткарылган иш экенин далилдеп жатат«, — деп кошумчалады Азамат Кадыралиев.

Эске салсак, «Элдик Банк» ААК Beeline бренди менен кызмат көрсөтүүчү мобилдик оператор «Скай Мобайл» ЖЧКсынын 100 пайыздык үлүшүн сатып алууну ийгиликтүү аяктаган. Бул кадам санариптик экосистеманы өнүктүрүүдө жана банктын технологиялык инфраструктурасын бекемдөөдө маанилүү этап болуп калды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика