Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылга кирешеси тууралуу декларациясын жарыялай баштады. Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаеванын маалыматтары төмөндөгүчө билдирилди.
Отчеттук мезгилде ал 1 миллион 099 554 сом кирешесин декларациялаган. Башкармалыктын башчысы ошондой эле анын чыгашасы 451 сомду түзгөнүн белгиледи. Бул арзыбаган каражат эмнеге жумшалганы түшүндүрүлгөн эмес.
Нурия Кутнаева 685 чарчы метр айыл чарба багытындагы жер тилкеге ээ. Анын жалпы аянты 42 жана 58,4 чарчы метр болгон эки батири бар.
Аянты 42 чарчы метр болгон батир жакын туугандарынын наамына жарыяланган. Декларацияда 880 миң сомдук RAV4 унаасы, 320 миң сомдук Калина үлгүсүндөгү унаа, 24 миң сомдук чиркегичи бар.