10:28
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кыргызстанда биометрикалык идентификацияны колдонууну кеңейтилүүдө

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда биометрикалык идентификацияны колдонууну кеңейтүүдө. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирди.

Анын айтымында, санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы биометрикалык технологиялардын чөйрөсүн кеңейтүү үчүн жарандарды сапаттуу, ишенимдүү, аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо платформасын түзүүгө киришти. Бул планды ишке ашыруу үчүн VisionLabs компаниясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

«Биргелешкен долбоордун алкагында мамлекеттик жана финансылык кызматтарды аткаруу процессинде атайын программаланган терминалды колдонуу пландалууда. Программалык камсыздоо адамды бетинин геометриясы боюнча дароо идентификациялап, маалыматтык коопсуздукка кепилдик бере алат жана аралыкта жүргүзүлгөн кызматтарды жеткиликтүү кылуу менен бирге жасалмалоо жана алдамчылыктын тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берет», — деди Талант Иманов.

Идентификация онлайн түрдө, реалдуу убакыт режиминде ишке ашып,ар бир жарандын жүзүн таануу максималдуу тактык менен ишке ашырылат. Технологияны мамлекеттик кызматкерлерди тестирлөө процессинде, айдоочулук күбөлүк алууда, шайлоо процесстеринде, жашаган жери боюнча каттоодо, паспорт алууда, банктык кызматтарды көрсөтүү учурунда жана мобилдик тиркемелдин кызматын иштетүү учурунда. колдонуу пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар