Бишкекте электробуска айланган троллейбустар сыноодон өтүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, учурда бир гана троллейбус жасалган. Сыноо учурунда ичинде жүргүнчүлөр жок — текшерүү гана жүргүзүлүүдө", — деп түшүндүрүштү департаменттен.
Буга чейин эксперттер мындай өзгөртүүгө байланыштуу техникалык тобокелдиктерди эскертишкен.
Эске салсак, 14-июлда саат 10.30да КР Жогорку сотунда троллейбус линияларын мыйзамсыз демонтаждоо боюнча доо арыз каралат.

