01:19
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бүгүн Адылбек Касымалиев «Жайкы Давос-2025» экономикалык форумуна катышат

Бүгүн, 23-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарына барат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, ал «Жайкы Давос 2025» Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышат.

Форум «Жаңы доордогу ишкердик» деген ураан астында өткөрүлө, ага дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөнүн жана аймактарынан 2 миңге жакын катышуучу келет.

Иш сапарынын алкагында минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин жетекчилиги жана чет элдик делегациялардын башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар