Сүлүктү шаарында мурда көмүр казуучу «Ибрагим» ЖЧКсынын кеңсеси жайгашкан, жалпы аянты 3657,0 м2 (36,5 акр) болгон, мурдагы ден соолукту чыңдоочу жайы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, 2010-жылы жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мурдагы ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке кайтарылып берилди.