09:48
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкекте милициянын кайгуул кызматы түзүлдү

Бишкекте милициянын кайгуул кызматы түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарында пилоттук долбоор алкагында 2019-2020-жылдарга Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгын түзүү боюнча буйрукка кол койду.

Чечим республиканын укук коргоо тутумун реформалоо алкагында ички иштер органдарынын тышкы кызматтарынын ишин ирээтке келтирүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу, коомдук жайларда, ошондой эле жолдордо орун алган укук бузуулар жана кылмыштар жөнүндө билдирүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.

Пилоттук долбоор Бишкек шаарында 2019-2020-жылдары ишке ашырылат, анын жыйынтыгында тутумдук талдоо жүргүзүлөт. Анын негизинде КР ИИМ Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкты КР ИИМ Милициянын кайгуул кызматына кайра түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө андан аркы чечим кабыл алынат.

Күтүлгөндөй, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына кызматкерлерди тандоо Бишкек шаарында пилоттук долбоордун алкагында үч баскычта өткөрүлөт. Биринчи баскычта тандалган кызматкерлер 2019-жылдын 1-июлунан тарта кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.

Эң көп окулган жаңылыктар