Коопсуздук кызматы кызматкерлеринен дайыма акча талап кылган милиция кызматкерин кармашкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Баткен облусу боюнча ИИМ Ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Т.К.А. кезектеги 95 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурда кармалган.
Учурда кармалган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.