07:08
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Камчыбек Ташиев медициналык мекемеге 16,5 миллион сомдук жабдууларды тапшырды

Бүгүн, 27-ноябрда КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев келип, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Борбордун дарыгерлеринин кайрылуусунан кийин балдар эндоскопия бөлүмүнө 16,5 млн сомдук «Эндоскоп» (SonoScape 550) медициналык жабдыктарын тапшырды.

Белгиленгендей, бул жабдуулар ички органдарды жана ар кандай хирургиялык манипуляцияларды изилдөөгө мүмкүндүк берет жана балдардын ар кандай ооруларын дарылоо боюнча медициналык кызматкерлердин ишин жеңилдетет.

Эң көп окулган жаңылыктар